Польшадагы мугалимдердин иш таштоосу

Польшада айлык акыларынын көтөрүлүшү үчүн иш таштоого барган мугалимдер менен өкмөттүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан жок.

1186579
Польшадагы мугалимдердин иш таштоосу

 Польшада айлык акыларынын көтөрүлүшү үчүн иш таштоого барган мугалимдер менен өкмөттүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан жок.

Мугалимдер профсоюздары менен өкмөттүн өкүлдөрүнүн арасында айлыктардын көтөрүлүшүнө байланыштуу өткөрүлгөн акыркы сүйлөшүүлөрдөн да жайынтык чыкпастан, тараптардын ортосунда азырынча жаңыдан сүйлөшүүнүн да пландалбагандыгы белгиленди.

Премьер  - министрликтин кеңешчиси Михал Дворчик бул тууралуу берген маалыматында иш таштоонун 6 -  майда боло турган лицей сынактарынан мурда акырына чыгышы керектигин айтты.

Өлкөдө мугалимдердин 30 пайызы айлык акылардын көтөрүлүшүн талап кылуу менен 8 -  апрелде баштаган жалпы иш таштоодон улам 10 күндөн бери билим берүү токтотулган.

Бийликтеги Мыйзам жана адилеттик партиясы мугалимдердин айлыктарынын сентябрь айынан баштап 15 пайыз, андан кийинки жылы дагы аз катнашта көтөрүү сунушу мугалимдердин каршы чыгышына себеп болгон.

Польшада мугалимдер тажрыйбаларына жараша айда 470 – 780 доллардын арасында айлык алышат



Тектеш кабарлар