Орусияда биринчи робот диктор...
Алекс аттуу робот маалыматтарды окуду.
1186815
Россия 24 теле көрсөтүүсүндө орус робот фирмасы чыгарган Алекс аттуу робот маалыматтарды окуду. Робот фирмасынын куруучусу Алексей Яковонун жүзүн алган Алекс диктордун орундугуна отуруп, дыйканчылык, атомдук технология форуму жана микро - финансы сыяктуу тармактарда бир топ маалыматтарды көрүүчүлөргө жеткирди.
Роботтун келечекте колдору менен буттарын да кыймылдата алары белгиленүүдө. 2017 - жылы жасала баштаган жана жылдын акырында бүткөрүлүшү пландалган робот үчүн ушул кезге чейин 15. 600 доллар жумшалды.