Макрон Рим папасы менен сүйлөшүү өткөрдү

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, тарыхый Нотр-Дам чиркөөсүндө чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүргүчтөрдү кабыл алды.

1186286
Макрон Рим папасы менен сүйлөшүү өткөрдү

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, тарыхый Нотр-Дам чиркөөсүндө чыккан өрт тууралуу католик дүйнөсүнүн руханий лидери Папа Франциск менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүп аны Францияга чакырды.

Макрон, тарыхый Нотр-Дам чиркөөсүндө чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүргүчтөрдү кабыл алды.

Макрон сөзүндө Папа Франциск менен телефондогу сүйлөшүүсү тууралуу, «Аны Францияга чакырдым, ылайыктуу бир убакта келет»,-деди.

Макрон өрт өчүргүчтөргө кайрылуусунда да, «Өрт өчүрүү темасында жан аябай күрөшкөнүңүз үчүн ырахмат айтамын. Сизди көргөн Франция жана бүткүл дүйнөгө үлгү болдуңуз»,-деп айтты.

Ватикан, Нотр-Дамды «Христиандыктын Франциядагы символу» деп аныктаган.

Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт

Париждин символдорунан тарыхый Нотр-Дам чиркөөсүндө дүйшөмбү күнү чыккан өрттө 93 метр бийиктиктеги мунаралардан бири жана түзүлүштүн чатыры толугу менен кулап түштү.

Орто эсеп менен 400 өрт өчүргүч өчүрүүгө катышып, тыгыз иш-аракеттин негизинде түндүк коңгуроо мунарасы менен негизги имарат сакталып калды.

Париждин прокурору Реми Хейц, өрт тууралуу кырсык ыктымалдуулугуна токтолгондорун жана өчүрүүнүн мүмкүн болбогонун билдирген.

Премьер-министр Эдуард Филипп, өрттө кулаган мунаралардан бирөөнүн кайрадан курулушу үчүн эл аралык архитектруалык сынак өткөрүлө турганын белгилеген.

Ички иштер министри Кристоф Кастанер, өрттөн башкы имараттын негизги жактары куткарылганын, бирок ичкеридеги бир топ чыгарманын бузулуу коркунучу болгонун айткан.



Тектеш кабарлар