Пакистанда сел жана катуу шамал
Апааттан каза тапкандардын саны көбөйдү.
1185794
![Пакистанда сел жана катуу шамал](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/81ca/9815/3484/595c8063b5cbf.jpg?time=1718963039)
Пакистанда катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгырлар алып келген селдерден каза тапкандардын саны 49 кишиге жетип, 176 киши жаракат алды.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук башкармалыгынын билдирүүсүндө, өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Хайбер- Пахтунхва жана түштүк-батышындагы Белужистан аймактарында 3 күндөн бери таасирдүү болгон катуу шамал жана селдерде каза тапкандардын саны 49 кишиге жеткени белгиленди.
Эки аймакта тең көп сандаган үй зыянга учурап, айрымдары толугу менен урап калды.
Метеорология кызматы, өлкөнүн көптөгөн аймагында катуу шамал жана жамгырлардын уланышы мүмкүн экенин маалымдады.