Сирияда ЭСА менен террордук уюм ЙПГ/ПККнын ортосунда кагылышуу болду
Эркин Сирия армиясынын (ЭСА) жооп кайтарышы менен башталган ок атышуулар, түнү менен улам-улам уланып жатты.
1184922
Сирияда Эркин Сирия армиясы (ЭСА) менен фронт территориясына кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын ортосунда ок атышуу болду.
Өлкөнүн түндүгүндө оппозициянын көзөмөлүндөгү Маре районунун түштүк батыш жагына жайгашкан ЙПГ/ПККга мүчө террористтер, фронт чек араларынан Эркин Сирия армиясынын көзөмөлүндөгү аянтка өтүүгө аракет кылышты.
Эркин Сирия армиясынын (ЭСА) жооп кайтарышы менен башталган ок атышуулар, түнү менен улам-улам уланып жатты.
ЙПГ/ПКК, 3 жылдан ашуун убакыттан бери басып алуусу астындагы Тель-Рыфаттан Азез, Баб, Жераблус, Маре жана Африн райондоруна убак-убагы менен кол салып келет.