"Астана процесси маселени чечүү үчүн ылайыктуу механизм"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров : ""Астана процесси маселени чечүү үчүн ылайыктуу механизм",- деди.

1185124
"Астана процесси маселени чечүү үчүн ылайыктуу механизм"

 Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Астана процессинин Сирия маселесинде иштөө үчүн эң ылайыктуу  механизм экендигин белгиледи. Лавров Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич менен борбор шаар Москвада жолугушкандан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

Сирия Конститутциялык Комитетин сириялыктардын түзүшү керектигин айткан Лавров : «Сирияда Конституциялык Комитет жакынкы учурда курулушу керек. Аянттагы абал буга таасирин тийгизбейт. Аянтта абал туруктуу»,- деди.

Түркия жана Орусия түзгөн келишимдин негизинде Идлибдеги террордук маселенин чечилишинин керектигин белгилеген Лавров террористтердин ал жерде түбөлүк калбай тургандыгын баса белгиледи. Лавров Сириянын түндүк чыгышында Евфрат дарыясынын сол жагындагы маселелердин чечилиши үчүн режимдин аймактагы текшерүүсүн кайрадан колго алышы, күрттөр менен диалог жана Түркиянын пайдасына ылайык Сирия чек арасында коопсуздуктун түзүлүшүнүн алдыңкылык берилген иш экендигин айтты.

Лавров : «Астана процесси Сирия маселесинде алдыга жылууну мүмкүн кылган, аянтта террор менен күрөш, адамзаттык абалды жеңилдете  турган, жалпы саясий маселелерде иштегенге ылайык бир гана механизм»,- деди.



Тектеш кабарлар