Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы кризистерге чечүүчү жол издөө...

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, борбор шаар Москвада министрлер деңгээлинде болгон Орус-Араб кызматташтык форумунун 5-жыйналышынын ачылышында сөз сүйлөдү.

1184497
Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы кризистерге чечүүчү жол издөө...

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, араб өлкөлөрү менен бирге Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага тыштан кийлигшүү аракеттерине чечүүчү жол издей тургандарын билдирди.

Лавров, борбор шаар Москвада министрлер деңгээлинде болгон Орус-Араб кызматташтык форумунун 5-жыйналышынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Сергей Лавров, форумдун күн тартипеги эл аралык жана аймактык темаларын түшүмдүү түрдө талкуулаш үчүн пайдалуу платформа болгонун айтты.

Лавров: «Бүгүн талкуулоолорубуздун борборунда албетте Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы абал, Палестина-Израиль маселеси, Сирия, Ливия, Йемен кризиси, терроризм менен күрөшүү жана химиялык куралдардын жайылышына бөгөт коюу темалары болот»,-деди.

Жыйналышта өлкөлөрдүн ортосунда ачык жана конструктивдүү диалогдорду курууну үмүт кылгандарына басым жасаган Лавров: «Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада, аймакта орун алган мамлекеттердин ички иштерине тышкарыдан кийлигишүү аракеттерине жана көп сандаган проблемага чечүүчү жолду камсыздай турган жолдорду таба турганыбызды үмүт кылуудамын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар