Ливияда Хафтерге караштуу 25 кишилик топ Өкмөттүк күчтөргө багынып берди

Улуттук макулдашуу өкмөтүнө караштуу күчтөр, борбор шаар Триполинин түштүк тарабында генерал Халифе Хафтерге караштуу согуштук учакты атып түшүргөндөрүн жарыялады.

1183416
Ливияда Хафтерге караштуу 25 кишилик топ Өкмөттүк күчтөргө багынып берди

Ливиядагы Улуттук макулдашуу өкмөтүнө караштуу күчтөр, борбор шаар Триполинин түштүк тарабында генерал Халифе Хафтерге караштуу согуштук учакты атып түшүргөндөрүн жарыялады.

Улуттук макулдашуу өкмөтү жүргүзгөн «Буркан эл-Габад» (Ызалануу вулканы» операциясына таандык социалдык медиа барагынан берген билдирүүсүндө, Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн күчтөрү Триполинин түндүк тарабындагы Вади эр-Раби аймагында генерал Халифе Хафтерге таандык согуштук учакты түшүргөндөрүн жарыялады.

Жарыяда учкучтун абалы тууралуу маалымат берилген жок.

Бир тараптан, ошол эле барактан берилген билдирүүдө, Хафтерге караштуу 25 кишиден турган куралчан топтун унаалары менен бирге Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн күчтөрүнө багынып бергени маалымдалды.

Анда, «Триполинин түштүк жагында орун алган Асвани аймагында Хафтерге караштуу 25 кишиден турган куралдуу топ, 10 аскердик унаа жана шаймандары менен кошо бөлүктөрүбүзгө багынып берди»делди.

Хафтер күчтөрү бул темада маалымат бере элек.

Ливиянын чыгыш жагындагы аскердик күчтөрдүн лидери, генерал Халифе Хафтер, борбор шаар Триполини колго алыш үчүн 4-апрелде кол салуу буйругун берип, бул боюнча Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн бөлүктөрү да «Буркан эл-Габад» операциясын баштаган.

Дүйнөлүк Саламатык сактоо Уюму, Ливияда 10 күндөн бери уланган кагылышууларда каза тапкандардын санынын 121, жаракат алгандардын санынын 561ге жектенин жарыялады.

Мыйзамдуулук кризиси 2011-жылдан бери уланган Ливияда, эл аралык коомчулук тааныган Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн бөлүктөрү менен Хафтерге караштуу күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болуп келет.



Тектеш кабарлар