Киевде бомба дүрбөлөңү

Бомба коркунучунан улам көп сандаган киши эвакуацияланды.

1183139
Киевде бомба дүрбөлөңү

Украинанын баш калаасы Киевде ар башка жерлерге карай бомба коркунучунан улам көп сандаган киши эвакуацияланды.

Киевдин полиция кызматынын билдирүүсүндө, кечээ шаардын борборундагы Эл аралык Заманбап көркөм өнөр борбору, Эгемендик аянты, «Глобус» аттуу соода борбору жана айрым отелдерге бомба кол салуусу болоору боюнча эскертүү айтылды.

Телефон аркылуу айтылган эскертүүлөр боюнча аты аталган жерлерге куткаруучу топтор менен бомбаны көзөмөлдөөчү кызматкерлердин жөнөтүлгөндүгү жана жүз миңдеген кишинин эвакуациялангандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар