Ирак коңшу өлкөлөргө зыян тийгизбейт
Ирактын Президенттик басма сөз кеңсесинин жарыясына караганда Салих, Ирандын Багдаддагы элчиси Иреж Месжидини кабыл алды.
Ирактын президенти Бахрам Салих, өлкөсүнүн коңшуларына зыян тийгизе турган эч бир кыймылдын башталгыч жери болуусун кабыл албай турганын айтты.
Ирактын Президенттик басма сөз кеңсесинин жарыясына караганда Салих, Ирандын Багдаддагы элчиси Иреж Месжидини кабыл алды.
Жарыяда Салихтин сөздөрүнө орун берилип, аймакта чыңалууну азайтууга чакырык салып, террор жана радикализм менен күрөшүү боюнча орток пайдаларга басым жасады.
Салих: «Ирак коңшуларына зыян тийгизе турган же чыңалууну күчөтө турган эч бир кыймылдын башталгыч жери болууну кабыл албайт»,-деп айтты.
АКШнын президенти Дональд Трамп, Ирандын Төңкөрүшчүл гвардиячылары армиясынын чет элдик террордук уюмдар тизмесине кошулганын жарыялаган.
Бул тема тууралуу Ак үйдөн Трамптын атынан жасалган жазуу түрүндөгү жарыяда, «Төңкөрүш гвардиячылары армиясы, Иран өкмөтүнүн глобалдык терроризм акцияларына багыт берүү жана ишке ашыруу темасында башкы инструмент»,делген.
Ирандын Улуттук коопсуздук кеңеши да буга жооп иретинде АКШнын Борбордук күчтөрүн (CENTCOM) террордук уюмдар тизмесине кошконун жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Индияда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.
Макрон-Зеленский жолугушуусу
Макрон: "Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү" деди.