Трамп Колумбия жана Борбордук Америка өлкөлөрүн бутага алды

Трамп: «Бандаларды өз өлкөлөрүндө каалабагандары үчүн кылмышкерлерди бизге жөнөтүп жатышат»

1181278
Трамп Колумбия жана Борбордук Америка өлкөлөрүн бутага алды

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөсүнө Эль-Сальвадор, Гватемала, Гондурас жана Колумбиядан кылмышкерлердин киргенин жана Колумбиядан баңгизат соодасынын да 50 пайыз өскөнүн айтты.

Колумбиянын басма сөзүндөгү маалыматтарга караганда, Техаста катышкан бир иш-чарада сөз сүйлгөн Трамп, бир канча күн мурда ушул эле темада бутага алган Колумбияны кайрадан сынга алды.

Айрыкча бул өлкө менен катар Эль-Сальвадор, Гватемала жана Гондурастан АКШга банданын мүчөлөрүнүн киргенин айтты.

Трамп: «Бандаларды өз өлкөлөрүндө каалабагандары үчүн кылмышкерлерди бизге жөнөтүп жатышат. Анткени АКШ элинин акылсыз экенин жана аларды кабыл алаарын ойлоп жатышат»,-деп айтты.

Бир канча күн мурдагы сөз сүйлөөсүндө Колумбиянын президенти Иван Дукени «Жакшы адам бирок баңгизатка каршы күрөшүүдө эч нерсе кыла албай жатат» деп бутага алган Трамп кайра эле ушул теманы күн тартибине койду.

Трамп Дукенин августта кызматын баштагандан бери баңгизат соодасынын 50 пайыз артканын жактады.

Колумбиянын Картахена шаарында коопсуздук күчтөрү менен жолуккан Дуке болсо Колумбиянын аракет кылып жатканын айтып, бангизат көп колдонулган өлкөлөрдүн да бул темада күрөшүүсү керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар