Мозамбикте ачарчылык коркунучу бар
Эл ачка, жей турчу эч нерсеси жок.
«Идай» бороон-чапкыны жана селдерден таасирленген Мозамбикте холера эпидемиясынан кийин эми эл ачарчылык коркунучу менен бетме-бет келди.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, өлкөнүн жээк шаары Бейранын губернатору Давиз Симанго, катуу шамал жана сел апаатынан орто эсеп менен 1,7 миллион акрдык талаа аянтынын суу астында калганын билдирди.
Симанго, жүз миңдеген кишинин азык-түлүккө муктаж экенин баса белгилеп: «Тилекке каршы аймактарда түшүм жыйнала электе апааттар болду. Эми эл ачка, жей турчу эч нерсеси жок»,-деп айтты.
Африканын түштүгүндөгү Малави, Мозамбик жана Зимбабведе өткөн айда таасирдүү болгон «Идай» бороон-чапкыны жана селдендин айынан миңдеген үй жана жол жарактан чыгып, жугуштуу оорулар күч алган болчу.
Өлкөдө 468 кишинин каза тапканы, кеминде 1 миллион 850 миң кишинин жардамга муктаж экени белгиленген.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.