Польшада мугалимдер иш таштоого барышты

Польшада мугалимдер айлык акыларынын жакшырышын талап кылуу менен иш ташташты.

1179198
Польшада мугалимдер иш таштоого барышты

Польша мугалимдер профсоюзунун төрагасы Славомир Брониарз мугалимдердин айлыгынын жакшыртылышы үчүн өкмөт менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн жыйынтыктын чыкпашы менен жалпы өлкөдө 400 миң мугалимден 80 пайызынын иш таштагандыгын билдирди.

Брониарз иш таштоонун негизи бир гана экономика эмес экендиги, акыркы жылдарда сапаты төмөндөгөн билим берүүнүн мурунку абалына алып келиниши да максат кылынгандыгын белгиледи.

Мугалимдер профсоюздары өкмөттөн айлыктарынын 1000 злотиге жогорулатылышын талап кылууда. Өлкөдө мугалимдердин так айлык маяналары 1800  - 3 миң злоти арасында.

Борбор шаар Варашавада өткөн айда миңдеген сот жана прокурордук кызматкери дагы жакшы айлык жана иштөө шарттары үчүн митингге чыгышкан.

 



Тектеш кабарлар