Идлибге карата абадан кол салуу

Кол салууларда бир киши каза болуп, жети киши жараланды.

1179012
Идлибге карата абадан кол салуу

Сирияда «Идлиб келишпестигин азайтуу аймагынын» чек араларынын ичиндеги жарандык отурукташуу жерлерине карата жасалган абадан кол салууларда бир жаран каза болуп, жети жаран жараланды.

«Идлиб келишпестигин азайтуу аймагынын» чектеринде Хама облусунун түндүк элетиндеги Кефер Зита районунда жарандык отурукташуу жерлерине түнкү сааттарда абадан жети кол салуу жасалды.

Жарандык коргоо топторунан алынган маалыматка караганда түнкү сааттарда жасалган абадан кол салууларда бир жаран каза болуп, жети жаран жараланды.

Оппозициячылдарга таандык  байкоо үйү да социалдык медиа эсебинен : «Латакиядагы Хымеймим базасынан учкан үч Орусия аскердик учагы Хаманын Кефер Зита районуна абадан кол салды»,- деген маалыматты бөлүштү.

 

 



Тектеш кабарлар