Афганстанда бомбалуу кол салуу жасалды

Кол салууда бир киши каза болду.

1178767
Афганстанда бомбалуу кол салуу жасалды

Афганстандын чыгышындагы Нангархар аймагынын Жалалабад шаарында жасалган бомбалуу кол салууда бир киши каза болду.

Нангархар губернаторлугунун катчысы Атауллах Хогяни Жалалабаддын 3 -  аймагында жол жээгине жайгаштырылган бомбанын полиция унаасы өтүп бара жаткан учурда жардырылгандыгын белгиледи.

Кол салууда бир полициянын каза болгондугун айткан Хогяни 7 кишинин жаралангандыгын айты. Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча моюнга алган болгон жок.



Тектеш кабарлар