Перуда төрт буттуу кит фосили табылды

БиБиСиде  берилген кабарга караганда палеонтологдор Перуда 43 миллион жыл мурункусуна таандык төрт буттуу, 4 метр узундуктагы киттин фосилин тапты.

1177997
Перуда төрт буттуу кит фосили табылды

Перуда 43 миллион жылдык төрт буттуу киттин фосили табылды.

БиБиСиде  берилген кабарга караганда палеонтологдор Перуда 43 миллион жыл мурункусуна таандык төрт буттуу, 4 метр узундуктагы киттин фосилин тапты.

Изилдөөчүлөр Перунун Тынч океан жээгине жакын Плая Медиа Лунада  табылган фосилдин киттин кандай өзгөрүүгө учурагандыгына жардам берерин белгиледи.

Буттары туяктуу болгон киттин сууда сүзүп жана кургактыкта баса алгандыгы болжолдолууда.

Бельгия королдук табият билимдери институтунан Оливиер Ламберт алгачкы киттердин 50 миллион жыл мурда Түштүк Азияда жашагандыгы болжолдолгондугун айтып, жаңы табылган фосилдин Пакистан жана Индия тышында табылган алгачкы төрт буттуу кит фосили экендигин белгиледи. Ламберт киттердин Түштүк Азиядан Түштүк Америкага көчүп кетиши мүмкүн экендигин айтты. Эмгектин жыйынтыктары "Current Biology" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар