Сомалиде бомба жайгаштырылган унаа менен кол салуу жасалды

Кол салууда 7 киши жараланды.

1177679
Сомалиде бомба жайгаштырылган унаа менен кол салуу жасалды

Сомалинин борбор шаары Могадишодо полиция академиясынын имаратына бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган кол салууда 7 киши жараланды. Амин тез жардам кызматтарынын директору, доктор Абдулкадир Аден борбор шаардагы Генерал Кахийе полиция академиясынын кире беришине бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган кол салууда 7 кишинин жаралангандыгын жана жаралуулардын ооруканага жаткырылгандыгын айтты. Аймакта кызмат кылган бир полиция жетекчиси болсо кол салуунун академиянын кире беришинде болгондугун бирок жакындарда бир ресторандын болушу менен көп сандаган кишинин жаралангандыгын айтты. Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм Еш  - Шебаб моюнга алды. 

 

 



Тектеш кабарлар