АКШда жоолукчан аскер аял армияга каршы доо ачарын айтты

Колорадо аймагындагы 704 -  бригадалык батальонунда кызмат кылган 26 жаштагы аскер Сесилия Волдавинос 2016 -  жылы мусулман болгон

1177779
АКШда жоолукчан аскер аял армияга каршы доо ачарын айтты

Америка армиясында аскер катары кызмат кылган мусулман аял жоолугунун мажбурлоо менен чечилишин негиз катары көрсөтүп армияга доо ачарын билдирди.

Америка басма сөзүндө чыккан кабарларга караганда Колорадо аймагындагы 704 -  бригадалык батальонунда кызмат кылган 26 жаштагы аскер Сесилия Волдавинос 2016 -  жылы мусулман болгон.

Бригаданын командиринен жоолук салуу боюнча атайын уруксатынын бар экендигин баса белгилеген Волдавинос 6 -  мартта өткөрүлгөн брифингде сержант Керстин Монтойян колунан алып тышка чыгаргандыгын жана жоолугун чечүүгө мажбурлагандыгын ортого салды.

Волдавинос : «Мен үчүн жоолугумдун чечилиши баарынын алдында кийимдеримди чечүү менен бирдей»,- деди.

Дин эркиндигинин бузулгандыгын жактаган Волдавинос Моноянын андан мурда да «жоолукчан кыз» деп кемсинткендигин айтты. Волдавинос башка бирге иштеген кишилердин да «террорист» дегендигин белгилеп, армияга бул тууралуу доо ачарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар