Сирияда Асад режимине караштуу күчтөр Идлибдеги отурукташкан аймактарга кол салууда

Асад режимине караштуу күчтөрдүн «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын» чек араларынын ичиндеги жарандык отурукташууларга карай кол салууларынан экөө баладан турган 3 жаран каза тапты, 13 жаран жаракат алды.

1176755
Сирияда Асад режимине караштуу күчтөр Идлибдеги отурукташкан аймактарга кол салууда

Сирияда Башар Асад режимине караштуу күчтөрдүн «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын» чек араларынын ичиндеги жарандык отурукташууларга карай кол салууларынан экөө баладан турган 3 жаран каза тапты, 13 жаран жаракат алды.

Режимдин армиясы жана Иран колдогон чет элдик террордук топтордон турган режим күчтөрү, «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын» чек араларынын ичиндеги Хаманын батыш элет жериндеги Хавиже, Эл Акнави, Эл Мансура жана Эл Зиядийе айылдарына, Идлибдин түштүгүндөгү Марратиннуман району менен Тель Меннис жана Жерженаз аймактарына замбиректин огун жаадырып, санряддар менен аткылады.

Хаманын Жарандык коргонуу уюмунун (Ак каскачандар) медиа кызматкери Мухаммед Аммуринин берген маалыматына караганда, Хавиже айылына болгон кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда экөө баладан турган 3 жаран каза таап, 13 жаран жаракат алды.

Жарандык коомдук уюмдар издөө-куткаруу иштерин улантууда.

Асад режиминин кечээ күндүзгү «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын» чек араларынын ичине абадан кол салуусунда бир жаран каза тапкан. Ушуну менен режим күчтөрүнүн акыркы кол салууларында каза болгон жарандардын саны 4кө жетти.



Тектеш кабарлар