Сары кемселчендерге дагы бир тыюу салынды

Францияда сары кемселчендердин ишемби күнү Тулуза шаарынын борборунда өткөрүүнү пландаган митингге тыюу салынды.

1173079
Сары кемселчендерге дагы бир  тыюу салынды

Францияда сары кемселчендердин ишемби күнү Тулуза шаарынын борборунда өткөрүүнү пландаган митингге тыюу салынды.

Сары кемселчендердин Тулузанын ошол эле жерде митинг өткөрүшүнө өткөн жумада да уруксат берилген эмес.

Кээ бир митингчилер тыюу салууга карабастан аянтта кыска мөөнөттө митинг өткөргөн.

Ички иштер министри Кристоф Кастанер да сары кемселчендердин ишемби күнү борбор шаар Париждин Champs-Elysees проспектисинде өткөрүүнү каалаган митингге тыюу салышкандарын билдирген болчу.

Күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө жана начар экономикалык шарттарга каршылык көрсөтүү менен башталып андан кийин президент Еммануэль Макрон башкаруусуна каршы митингдерге айланган сары кемселчендердин кыймылы 2018 -  жылдын 17 -  ноябрынан бери улантылууда.

Өкмөттүн билдирген санына караганда митингдерде ушул кезге чейин 11 киши каза таап, 2 миңден ашуун киши жараланды, 1400дөн ашуун киши камоого алынды жана 2 миңге жакын киши абак жасазына тартылды.



Тектеш кабарлар