Трамп Столтенберг менен жолугат

Жолугушуу Ак үйдө өтөт.

1171452
Трамп Столтенберг менен жолугат

АКШнын президенти Дональд Трамп 2-апрель күнү НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Ак үйдө жолугушат.

Ак үйдүн Басма сөз кызматы, келээрки жумада Вашингтондо өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн АКШга бара турган Столтенбергдин Трамп менен жолугаарын билдирди.

Билдирүүдө Трамптын Столтенберг менен жолугушуусунда, түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгынан улам НАТОнун эл аралык коопсуздук жагынан маанисин дагы бир жолу баса белгилей турганы маалымдалды.

Ушул эле билдирүү, Трамп менен Столтенбергдин «НАТОго мүчө өлкөлөрдүн шериктештикке болгон салымдарынын арттырылышы» темасын да карап чыга тургандары белгиленди.

Мурунку билдирүүлөрүндө айрым НАТОго мүчө өлкөлөрдү «дагы аз салым кошуп жатат» деп күнөөлөгөн Трамп, өзгөчө Германия менен бул боюнча келише алган эмес.


Этикеткалар: #Ак үйдө , #НАТОго мүчө

Тектеш кабарлар