Орусия менен Ливандын билдирүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин, Ливандын президенти Мишель Аун менен Москвада жолукту.

1171411
Орусия менен Ливандын билдирүүсү

Орусия менен Ливан, Сирия маселесинин саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечилүүсүн жактагандарын билдиришти.

Орусиянын президенти Владимир Путин, расмий сапар менен өлкөсүнө барган Ливандын президенти Мишель Аун менен Москвада жолукту.

Жолугушуудан кийин эки лидер басымдуу түрдө Сирия маселесине багытталган биргелешкен билдирүү жарыялышты.

Билдирүүдө: «Орусия менен Ливан, Сириянын жеринин бүтүндүгүнө, эгемендигине, биримдигине жана көз карандысыздыгына урмат сый көрсөтүлүшүн, ошол эле учурда Сирия маселесинин, тынчтыкчыл жолдордон тышкары башка альтернатива жок болгондуктан аракет, саясий жана дипломатиялык жолдор менен, БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2254 номердүү токтому жана Сочидеги Сирия Улуттук диалог конгрессинин токтомдорунун негизинде чечилүүсүн жактайт»,-делди.

Сирияда саясий макулдашуу процессинин баштатылуусу жана бул өлкөдөгү күч колдонуунун азайтылышы үчүн Түркия, Иран менен Орусиянын Астана форматында таасирдүү жана иштиктүү иш алып барганы баса белгиленген билдирүүдө, эл аралык коомчулук, БУУ жана гуманитардык жардам уюмдарына Сирияга мүмкүн болгон ар түрдүү жардамды камсыздоо чакырыгы салынды.

Билдирүүдө айрыкча Палестина маселеси тууралуу да: «Орусия менен Ливан, Жакынчы Чыгышта адилеттүү жана кеңири чечим табуу үчүн эл аралык мыйзамдардын негизиндеги аракеттерди коорданация кылат. Палестина маселесине карай адилеттүү жана туруктуу чечим табууну үмүт кылып, Палестина элинин улуттук кызыкчылыктарын ишке ашыруу муктаждыгын баса белгилейт»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар