Малиде Фулани коомчулугуна мүчө 115 киши каза тапты

Фулани коому Табитал Пулаакунун төрагасы Абдулазиз Диалло, догон тобунун мүчөлөрүнөн турган террористтердин таңга маал Эгоссагоу айылына кол салганын билдирди.

1169473
Малиде Фулани коомчулугуна мүчө 115 киши каза тапты

Малинин уруулар аралык этникалык кагылышуулар болгон ортоңку аймактарында, куралдуу топтун кол салуусуна дуушар болгон Фулани коомчулугуна мүчө 115 киши каза тапты.

Фулани коому Табитал Пулаакунун төрагасы Абдулазиз Диалло, догон тобунун мүчөлөрүнөн турган террористтердин таңга маал Эгоссагоу айылына кол салуусунун себебинен арасында кош бойлуу аялдар жана балдар да болгон 115 киши каза болгонун айтты.

Кол салууда Эгоссагоунун айыл өкмөтү жана неберелери да өлтүрүлгөнү белгиленди.

Догон тобунун мүчөлөрү фуланилерди өлкөнүн түндүгүндөгү террордук топтор менен байланышы болгон террористтерди колдогону менен айыптоодо.

Басымдуу түрдө Малинин ортоңку аймагында жашаган жана көпчүлүгү чабан болгон фуланилер, акыркы жылдарда аймакта болуп жаткан террор окуяларынын себебинен ар түрдүү кол салуулардын бутасына айланды.



Тектеш кабарлар