Бразилиянын мурдагы президенти кармалды

Темер, кеңири масштабдуу коррупция териштирүүсүнүн бир бөлүгү катары Сао-Паулодогу үйүнөн кармалып Рио-Де Жанейродогу Коопсуздук директорлугуна алып барылды.

1168524
Бразилиянын мурдагы президенти кармалды

Бразилиянын мурда көп жемкорлуктарга аралашканы менен билинген мурдагы президенти Мишель Темер кармалды.

Темер, кеңири масштабдуу коррупция териштирүүсүнүн бир бөлүгү катары Сао-Паулодогу үйүнөн кармалып Рио-Де Жанейродогу Коопсуздук директорлугуна алып барылды.

Териштирүүнүн алкагында мурдагы энергетика министри Морейра Франко жана жарандык авиация боюнча мурдагы министри Елисеу Падильянын кармалышы боюнча өкүм чыкты.

Темер туурасында пара алганы себеби менен октябрь айында айыптоо тыянагы даярдалган. Мурдагы президенттин коррупция чатагынын борборунда орун алган Одебрехт курулуш жана инженердик фирмасынан 300 миң доллардай пара алганы жөнүндө далилдер табылганы жарыяланган.

«Машина жуугуч» деп аталган жемкорлукту териштирүүнүн алкагында Одебрехт курулуш жана инженердик фирмасынын мурдагы жетекчиси да Темердин партиясына 40 миллион доллардык пара бергенин айтып чыккан.

Териштирүүнүн алкагында бүгүнкү күнгө дейре ондогон саясатчы жана башкаруучу камакка алынса, 2 миллиард доллардан көп пара жана жемкорлук ачыкка чыгарылган.

Темер өзүнөн мурдагы президент Дилма Руссеффтин кызматтан алынышы менен өлкөнүн президенти болгон.

Ал эми аты көп сандаган жемкорлук менен эскерилген Темер, январь айында өткөн шайлоолордо кызматын «Тропикал Трамп» деп аталган Жаир Болсонарого өткөрүп берүүгө аргасыз болгон.



Тектеш кабарлар