Пакистанда байрактар жарымга түшүрүлдү

Жаңы Зеландиядагы эки мечике жасалган террордук кол салууда 9 жараны каза болгон Пакистанда байрактар жарымга түшүрүлдү.

1166446
Пакистанда байрактар жарымга түшүрүлдү

Жаңы Зеландиядагы эки мечике жасалган террордук кол салууда 9 жараны каза болгон Пакистанда байрактар жарымга түшүрүлдү. Крайстчёртч шаарындагы эки мечитке жума намазында жасалган кол салууда каза болгон Пакистан жарандары үчүн байрактар жарымга түшүрүлүп, өлкөнүн түрдүү жерлеринде эскерүүлөр болду.

Пакистандын президенти Ариф Алви менен федералдык жана жергиликтүү өкмөттүн башкаруучулары да каза болгон пакистандыктардын үй  - бүлөлөрүн зыярат кылды.

Пакистандын тышкы иштер министрлиги каза болгондордун алтоосунун Крайстчёртчта, үчөөсүнүн болсо Пакистанда көмүлөрүн билдирди.

Жаназаларды алуу же Жаңы Зеландиядагы жаназа зыйнатына катышууну каалаган террор курмандыктарынын Пакситандагы үй  - бүлөлөрү бүгүн Лахор шаарынан учкан учак менен Крайстчёртчке кетти.

Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы Крайстчёртч шаарында жума намазы учурунда «Ал Нур» жана «Линвууд» мечиттерине он минуталык аралык менен жаслаган террордук кол салууларда 50 киши каза болду.



Тектеш кабарлар