Лавровдун Түркияга жасай турган сапары кийинкиге жылдырылды
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Түркияга жасай турган сапары кийинкиге жылдырылды.
1164537
Түркия-Орусия Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 18-мартта өткөрүлүшү пландалган жетинчи жыйналышынын кийинкиге жылдырылганы билдирилди.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда 18-мартта Антальяда өтө турганы жарыяланган Түркия-Орусия Федерациясынын биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун жыйналышынын себебинен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Түркияга жасай турган сапары кийинкиге жылдырылды.
Жыйналыш өтө турган күн такталбаганы маалым болду.