АКШ тыюу салынган 2 ракетаны сынайт

АКШ армиясы Орточо аралыктуу атомдук күчтөр келишиминин негизинде тыюу салынган эки ракетаны бул жылы тесттен өткөрөт.

1163242
АКШ тыюу салынган 2 ракетаны сынайт

АКШ армиясы Орточо аралыктуу атомдук күчтөр келишиминин негизинде тыюу салынган эки ракетаны бул жылы тесттен өткөрөт.

Associated Press маалымат агенттиги АКШлык жетекчилерге таянып берген кабарда жетекчилер атын билдирбеген ракеталардын бирөөсүнүн миң километрдик аралыкка ээ төмөндөн атылган ракета, бирөөсүнүн болсо аралыгы 3 миң жана 4 миң километр арасында баллистикалык бир ракета болору билдирилди.

Эки ракетанын атомдук дүрмөт ташыбай тургандыгы белгиленип төмөндөн атылган ракетанын август айында тесттен өтөрү жана 18 айдын ичинде активдүү абалга алып келинери белгиленди.

Баллистикалык ракетанын ноябрь айында тесттен өтөрү бирок беш жылдын ичинде операциялык абалга келери билдирилди.

АКШнын Чыгыш Азия жана Европадагы союздаштары менен эки ракета тууралуу азырынча кеңешпегендигине  көңүл бурулган кабарда Америка армиясынын баллистикалык ракетаны Тынч океандагы Гуам аралына жайгаштырышы мүмкүн экендиги маалымдалды.

АКШнын президенти Дональд Трамп август айында советтер союзу менен 1987 -  жылы кол коюлган жана Орусия федерациясы менен улантылган Орточо аралыктуу атомдук күчтөр келишиминен (INF) чыгарын билдирген.

АКШ башкаруусу Орусиянын орточо аралыктуу атомдук күчтөр келишимин көптөгөн убакыттан бери бузгандыгын негиз катары көрсөтүп келишимди бузушарын айтса Орусия да АКШны келишимге баш ийбөө боюнча айыптап жатат.



Тектеш кабарлар