Трамп кызы менен күйөө баласынын Ак үйдөн четтетилишине буйрук бердиби?

Американын «Нью-Йорк Таймс» гезитинин маалыматына караганда журналист Вики Уорд жазган жана алдыдагы апталарда ортого чыга турган «Kushner Inc.» аттуу китепте, Трамптын кызы жана күйөө баласы менен мамилеси туурасында кызык айтымдар орун алды.

1162734
Трамп кызы менен күйөө баласынын Ак үйдөн четтетилишине буйрук бердиби?

АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп жана күйөө баласы Жаред Кушнердин Ак үйдөн четтетилиши үчүн мурдагы аппарат башчысы Жон Келлиге буйрук бергени айтылды.

Американын «Нью-Йорк Таймс» гезитинин маалыматына караганда журналист Вики Уорд жазган жана алдыдагы апталарда ортого чыга турган «Kushner Inc.» аттуу китепте, Трамптын кызы жана күйөө баласы менен мамилеси туурасында кызык айтымдар орун алды.

Китепте Трмаптын кызматын баштагандан көп өтпөй ал мезгилдеги Президенттик аппараттын башчысы Жон Келлиге, Иванка-Жаред жубунун Ак үйдөн четтетилип, Нью-Йоркко жөнөтүлүшү туурасында буйрук бергенинин маалыматын бөлүштү.

Трамптын, кызы жана күйөө баласынын басма сөзгө карата терс кабылдоо болгонунан даттанганы белгиленген китепте, «Алар оюндун кандай ойноло турганын билишпейт»,деп айтканы берилген.

«Нью-Йорк Таймска» маалымат берген булактар болсо Трамптын бул планына карабастан Иванка-Жаред жубунун Вашингтондогу таасирлерин улантканын жана Трамптын талабынын да өтүп кеткенин белгиледи.

Кушнердин адвокаты Петр Мирижанян, бул тема тууралуу берген маалыматында китептеги айтымдардын «жаңылыш жана фантазиянын чыгарылышы» болгонун жактады.



Тектеш кабарлар