Орусиянын жүргүнчү учагы бомба бар деген шектенүү менен Бакуга конду

Орусиянын Урал аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы бомба бар деген шектенүү менен чукул түрдө Азербайжандын борбор шаары Бакуга конду.

1161263

Азербайжан аба жолдорунан берилген маалыматка караганда Бахрейнден Москвага учкан, Урал аба жолдоруна таандык Airbus A321 жүргүнчү учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:56да Баку Гейдер Алиев аэропортуна чукул түрдө конду. Маалыматта : «Учак капитандын учакта бомба бар деген шектенүү менен чукул түрдө конду. Аэропорттун бардык чукул абал жана куткаруу кызматтары аракетке өттү жана даяр абалга келди. Учакта экипаж менен бирге 225 киши болгон. Капитан жүргүнчүлөрдүн учактан түшүрүлүшүнө чечим чыгарды»,- деп билдирилди. Окуя тууралуу кошумча маалымат берилери белгиленди.

Тектеш кабарлар