Иран Ирак менен визалардын жоюлушун сунуш кылды

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф өлкөсү менен Ирактын ортосундагы визалардын жоюлушун сунуш кылышкандарын билдирди.

1160663
Иран  Ирак менен визалардын жоюлушун сунуш кылды

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф өлкөсү менен Ирактын ортосундагы визалардын жоюлушун сунуш кылышкандарын билдирди.

Иран мамлекеттик мадиасында орун алган кабарларга караганда президент Хасан Руханинин бүгүн Иракка жасай турган сапарынан мурда борбор шаар Багдатта жолугушууларды өткөргөн Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Ирак басма сөзүнө маалымат берди.

Эки өлкө делегациясынын кечээ өткөргөн жолугушууларында  Иран менен Ирактын ортосунда виза тууралуу мыкты макулдашуунун түзүлгөндүгүн белгилеген Зариф : «Ирактык бир туугандарыбызга визанын бири бирибизге карата толугу менен жоюлушун же акысыз болушун сунуш кылдык. Бул да болбосо акыларды ылайыктуу деңгээлге түшүрүүнү сунуш кылдык. Сүйлөшүүлөрүбүз улантылууда. Бул тууралуу жакшы кабарлардын келерин ойлоп жатабыз»,- деди.

Зариф Багдат жолугушууларынын негизинде Ирактын тышкы иштер министри Мухаммед Али ел  - Хеким менен жолугушкан.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс – жыйында бүгүн нефть, жаратылыш газ жана электр секторунда орток макулдашуу келишимине кол коюлары белгиленген.



Тектеш кабарлар