АКШда качкындардын карантинге алынышы

АКШ качкындар жана бажы аткаруу борборунун жетекчилери өткөн бир жылда эки жүз отуз алты паротит эпидемиясы менен ооруган кишинин такталгандыгын билдирди.

1161111
АКШда качкындардын карантинге алынышы

АКШда эки миңден ашуун качкын карантинге алынды. Борбордук Америкадан өлкөгө барууга аракет кылып камоого алынган качкындардын саны рекорддук деңгээлге жетти.

Мыйзамдуу тейлөөдөн пайдалана албаган жана эпидемиялык оорулар менен карантинге алынган качкындардын абалы тынчсыздануу жаратууда.

АКШ качкындар жана бажы аткаруу борборунун билдиргенине караганда 6 -  марттан баштап элүү миң качкын камоого алынды.

Бул качкындардан эки миң эки жүз сексен жетиси түрдүү эпидемиялык оорулардан улам карантинге алынды.

АКШ качкындар жана бажы аткаруу борборунун жетекчилери өткөн бир жылда эки жүз отуз алты паротит эпидемиясы менен ооруган кишинин такталгандыгын билдирди.

Паротит өзгөчө түкүрүк тамчылары менен оңой жайылат. Көпчүлүк киши бир канча жуманын ичинде айыкса, кээ бирлеринин мээсине доо кетип, тукумсуздук  болуп жана угуу жөндөмдүүлүгү жоголушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар