Эфиопия аба жолдоруна таандык учак кулап түштү

Мамлекетке таандык берүү мекемеси ЕВС, учактагы 157 кишиден эч ким аман калбаганын жана 33 улуттан жүргүнчү болгонун жарыялады.

1160558
Эфиопия аба жолдоруна таандык учак кулап түштү

Эфиопиянын борбор калаасы Адис Абебадан учуп Наиробиге бараткан Эфиопия аба жолдоруна таандык учак кулап түштү.

Учкандан кийин 6 мүнөт өткөндө кулап түшкөн учакта 149 жүргүнчү жана 8 экипаж болгону, кырсыктын Адис Абебанын 50 чакырым түштүгүндө Дебре Зейтке жакын жерде болгону белгиленди.

Мамлекетке таандык берүү мекемеси ЕВС, учактагы 157 кишиден эч ким аман калбаганын жана 33 улуттан жүргүнчү болгонун жарыялады. Аба жолдорунун басма сөз катчысы да каза болгондордун арасында 32 Кения атуулу жана 17 Эфиопия атуулунун болгонун айтты.

Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедказада жана Кениянын мамлекет башчысы Ухуру Кенятта, кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Boeing 737-8 MAX моделиндеги  учактын эмне болуп түшкөнү азырынча белгисиз.

Мамлекетке таандык Эфиопия аба жолдорунун Африкада эң мыкты аба жолу фирмаларынан бир экени айтылууда.



Тектеш кабарлар