Иранда 19 миллион жакыр бар
Мурунку транспорт жана шаар пландоо министри Аббас Ахунди шаарлардагы 19 миллион кишинин жакырдык деңгээлинде жашагандыгын белгиледи.
Ирандагы Тегеран университетинин билим кеңешинин мүчөсү жана мурунку транспорт жана шаар пландоо министри Аббас Ахунди шаарлардагы 19 миллион кишинин жакырдык деңгээлинде жашагандыгын белгиледи.
Борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн «Шаардык калыбына келтирүү жана башкаруу» деген темада бир конференцияда сүйлөгөн сөзүндө : «Шаарларда 19 миллион киши жакырдык деңгээлинде жашап жатат. Бул сан өлкөнүн төрттөн бир бөлүгүнө тең келет»,- деди Ахунди.
Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда шаарларга социалдык жактан каралышы керектигин белгилеген Ахунди шаардык калыбына келтирүүнүн шаарлардын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө салым кошорун айтты.
Ахунди өзгөчө президент Хасн Рухани өкмөтүнүн 10 жылда жалпы өлкөдө 2 миң 700 мааланы шаардык калыбына келтирүү долбоорунун негизинде жаңылоону максат кылгандыгын көздөрүнө кошту.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.