Амазон токойлору аскерлер менен коргоого алынат

Перу өлкөдөгү Амазон жамгыр токойлорун коркуткан мыйзамсыз шахта иштетүү менен күрөшүү үчүн аймакты аскерлер менен коргоо чечимин чыгарды.

1158194
Амазон токойлору аскерлер менен коргоого алынат

Перу өлкөдөгү Амазон жамгыр токойлорун коркуткан мыйзамсыз шахта иштетүү менен күрөшүү үчүн аймакты аскерлер менен коргоо чечимин чыгарды.

Жетекчилер Амазон токойлорун коргоо үчүн аскерлердин дрон жана спутник менен алынган көрүнүштөрдү колдоно турган 4 аскердик базадан биринчисинин ачылышын Мадре де Диос аймагында ачты.

Аскердик базалардан ар биринде 100 аскер, 50 полиция жана бир прокурордун кызмат кылышы күтүлүүдө.

Чечимдин жетекчилердин Амазон аянтын жана дарыяларын сымап менен кирдетүү менен күнөөлөнгөн миңдеген мыйзам тышы алтын казуучусун чыгаргандан эки жумадан кийин чыгаргандыгы белгиленди.

Токойлорду коргоо үчүн иштерди жүргүзгөн Амазондорду байкоого алуу долбоору өткөн жылы февраль айында Амазон токойлорунун Перудагы бөлүмүндө 143 миң гектардык токой аянтынын талкалангандыгын билдирген.

240 миңге жакын футбол аянтына тең келген бул аянттын акыркы 5 жылда Перудагы Амазон токойлорунда жылдык жок кылынган эң чоң аянт экендиги белгиленген.

Экология министрлигинин билдиргенине караганда Амазондордо токой аянттарынын жок кылынышына, дарыялардын да булганышына жол ачкан мыйзам тышы ачылган алтын казуу, мал  - чарбачылык жана дыйканчылык себеп болууда.

Өзгөчө кенен аянттарда пальма майын алуу үчүн дыйканчылык иштеринин токой аянттарын жок кылгандыгы айтылууда.

Перуда 2001 -  жылдан бери 2 миллион гектардык Амазон токою жок болду.



Тектеш кабарлар