Катар менен Британия аскердик кызматташуусун сүйлөштү

Катардын коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Катардын коргоо министри Атиййе менен Британиянын башкы штабынын төрагасы Картер борбор шаар Дохада жолугушту.

1157358
Катар менен Британия аскердик кызматташуусун сүйлөштү

 Катардын коргоо министри Халид Бин Мухаммед ел  - Атиййе Британиянын башкы штабынын төрагасы сэр Ник Картер менен эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн арасындагы карым  - катнаштарды сүйлөштү.

Катардын коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Катардын коргоо министри Атиййе менен Британиянын башкы штабынын төрагасы Картер борбор шаар Дохада жолугушту.

Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани өткөн жылы Лондондо берген маалыматында эки өлкөнүн аба күчтөрүнүн ортосунда орток коргонуу жана өлкөсүнүн аба күчтөрүн күчтөндүрүү максатында биргелешкен операция желесинин курула башталгандыгын жарыялаган.

Катар өткөн жылы Британияда өзгөчө «Typhoon» жана «Hawk» моделиндеги аскердик учактар үчүн өндүрүш жолун курду. Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда 2017 -  жылы кол коюлган келишим боюнча Катар Британиядан 24 «Typhoon» жана 9 «Hawk» моделиндеги аскердик учак алат.



Тектеш кабарлар