Индонезияда жанар тоосу тууралуу эскертүү
Индонезияда Анак Кракатау жанар тоосунда күч алган вулкандык кыймылдуулуктан улам эл эскертилди.
Индонезияда Анак Кракатау жанар тоосунда күч алган вулкандык кыймылдуулуктан улам эл эскертилди.
Вулканология жана геологиялык апаатты азайтуу борборунан берилген маалыматта февраль айынын акырынан бери Анак Кракатау жанар тоосундагы вулкандык кыймылдардын көбөйгөндгү байкалгандыгы билдирилди.
Жанар тоодогу вулкандык кыймылдуулуктун күтүлбөгөн жерден жарылышы мүмкүн экендиги билдирилген маалыматта аймакта жашаган эл жана балыкчылар кратерге 5 километрден жакын болбоолору боюнча эскертилди.
Сунда кысыгында 22 - декабрда Анак Кракатау жанар тоосундагы вулкандык кыймылдуулук себеп болгон жарылууларда ажыраган чоң массадан улам пайда болгон, Батен жана Лампунг аймактарынын жээк тилкелерине таасирин тийгизген цунамиде 437 киши каза болгон.
130га жакын активдүү жанар тоо болгон Индонезияда Мерапи, Ринжани, Бромо, Семеру, Анак Кракатау, Агунг, Керинжи, Сумбинг, Батур, Сибайык, жана Синабунг вулкандык кыймылдуулук эң активдүү болгон жанар тоолордун арасында орун алууда.