Египет менен Франция аскердик машыгуу өткөрүүдө

Аскердик машыгуунун максаты эмне ?

1156195
Египет менен Франция аскердик машыгуу өткөрүүдө

Египет менен Франциянын аба күчтөрүнүн ортосунда аскердик машыгуу башталды.

Египет армиясынын катчысы полковник Тамир эр-Руфай жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Франциянын Рафале согуштук учактарынын Египеттеги аба базасына жеткени жана эки өлкөнүн аба күчтөрүнүн ортосундагы аскердик машыгуунун башталганы белгиленди.

Руфай бир канча күнгө созула турган машыгуунун эки өлкөнүн күчтөрүнүн арасында тажрыйба бөлүшүү жана аскердик карым-катнаштарды күчтөндүрүүнү максаттаганын айтты.

Катчы бул программанын биргелешкен абадан операцияларды, душман буталарын жок кылуу, операцияларды пландоо жана жүргүзүү сыяктуу машыгууларды камтыганын билдирди.



Тектеш кабарлар