Эстонияда жалпы шайлоонун жеңүүчүсү "Реформа" партиясы болду

Кая Калластын лидерлигиндеги «Реформа» партиясы добуштардын 29 пайызын алып бийликтеги «Борбордук» партиясын жеңилүүгө учуратты

1156642
Эстонияда жалпы шайлоонун жеңүүчүсү "Реформа" партиясы болду

Балтика өлксөү Эстонияда кечээ болуп өткөн жалпы шайлоонун жеңүүчүсү борбордук оңчул «Реформа» партиясы болду.

Кая Калластын лидерлигиндеги «Реформа» партиясы добуштардын 29 пайызын алып бийликтеги «Борбордук» партиясын жеңилүүгө учуратты.

«Борбордук» партиясы 2 пайыздык добуш алган шайлоодон Европа Биримдигине мүчөлүгүнүн элдик добуш берүүгө алып барылышына чакыруу салган ашыкча оңчул Консерватор Эстония элинин партиясы  добуштардын 18 пайызын алып, үчүнчү орунга чыкты.

Шайлоодо бийликтеги коалиция өкмөтүндө «Борбордук» партия менен өнөктөш болгон консерватор Исамаа партиясы 11, 4 пайыз, Социалдык демократтар да 9,8 пайыздык добуш алды.

Эстониянын биринчи аял премьер  - министри болгон Каллас өкмөттүн курулушу үчүн бардык коалиция жолдорунун даяр экендигин, бир тараптан Консерватор Эстония Элинин партиясы менен коалиция жолун тандашарын айтты.

Балтика өлкөсүндө 881 шайлоочунун төрттөн бир бөлүгү жалпы шайлоодо добуштар интернет аркылуу берилди.

Эстонияда 101 орундуктуу парламент мүчөлөрүн шайлоо үчүн катыштык шайлоо тутуму колдонулууда.

Өлкөнүн 1991 -  жылы советтер союзунан көз карандысыздыгын жарыялашынан бери кезеги менен бийликке келген «Реформа» жана «Борбордук» партиялары Европа Бирмдиги жана НАТО мүчөлүгүн, экономикалык үнөмдөө саясаттарын күчтүү түрдө колдоого алууда.



Тектеш кабарлар