Индонезияда жер титирөө катталды

Индонезияда өткөн жылдын 28-сентябрында болгон 7,5 баллдык жер титирөө жана андан кийинки цунамиден 4 миң 340 киши каза тапкан болчу.

1154929
Индонезияда жер титирөө катталды

Индонезиянын Сулавеси аймагында 5,3 баллдык жер титирөө болду.

Метеоролия, климат жана геофизика мекемеси, эпицентри Түндүк Сулавеси провинциясына караштуу Сангихе аралынын 123 километр түштүк-чыгышы болгон жер титирөөнүн жердин 180 километр тереңдигинде катталгандыгын билдирди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар болуп же болбогону тууралуу азырынча маалымат берилген жок.

Индонезияда өткөн жылдын 28-сентябрында Сулавеси аралындагы Палу булуңунда болгон 7,5 баллдык жер титирөө жана андан кийинки цунамиден 4 миң 340 киши каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар