АКШ менен Орусия тизме даярдап жатат

Путиндин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов маалымат берди.

1155034
АКШ менен Орусия тизме даярдап жатат

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов, Орусия менен АКШнын Талибан сүйлөшүүчүлөрүнүн саякат тоскоолдуктарынын алып салынышына байланыштуу тизме боюнча иштеп жатканын белгиледи.

Кабулов Ооганстан тынчтык процессиндеги акыркы абал туурасында Анадолу агенттигине маалымат берди.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад менен 22-февралда Анкарада өткөргөн жолугушууда, максаттарынын буга чейинкидей эле Ооганстандагы макулдашууга байланыштуу экенин белгилеген Кабулов: «Биз Орусиянын дагы, АКШнын дагы Ооганстанга өз чечимдерин киргизүүнү талап кылбааары боюнча бирдей пикирдебиз»,-деди.

Кабулов жолугушууда, Талибан сүйлөшүүчүлөрүнө карай саякат уруксаты темасынын каралгандыгын бирок Халилзад менен бул темада ыйгарым укукка ээ болбогондору үчүн санкцияларды киргизген жана санкциялар туурасында чечим чыгарууга укуктуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү менен теманы сүйлөшүүгө аргасыз экендиктерин белгиледи.

Кабулов: «АКШдагы кесиптештерибиз менен ушул жөнүндө иштеп жатабыз»,-деди.

Санкциялардын жоюлушуна карата өкүлдөр тизмесинин азырынча даярдала электигин айткан Кабулов: «Нью-Йоркто кесиптештерибиз тизме боюнча иштешет»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар