Түштүк Корея Трамп менен Кимдин жолугушуусуна баа берди

Түштүк Кореянын Мамлекет башчылык сарайынан Вьетнамдын борбор шаары Ханойдо өткөн АКШ-Түндүк Корея саммитине баа берилди.

1154644
Түштүк Корея Трамп менен Кимдин жолугушуусуна баа берди

Түштүк Корея, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда болгон экинчи саммитте келишим түзүлбөсө дагы ар дайым болгонунан дагы көп жылыш болгонун белгиледи.

Түштүк Кореянын Мамлекет башчылык сарайынан Вьетнамдын борбор шаары Ханойдо өткөн АКШ-Түндүк Корея саммитине баа берилди.

Мамлекет башчылык аппараттын басма сөз катчысы Ким Юи-Кеом берген маалыматында: «Трамп менен Кимдин бүгүнкү саммитте толук макулдашууга жете албаганына капа болуудабыз. Бирок, өтмүштөгү кайсы бир убактан дагы түшүнүктүү жылышка ээ болгондору көрүнүүдө»,-деп айтты.

Ханойдогу жолугушуунун эки лидердин бири-бирилерин дагы жакшы түшүнүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзгөн боло алаарына сереп салган катчы Ким: «Трамптын диалогду улантуу темасындагы каалоосу жана жакшы ниеттүү көз карашы кийинки жолугушуу үчүн жаркыраган үмүт берүүдө»,-деди.

Түштүк Кореянын АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы диалогдун уланышына карай үмүттөрүн айткан катчы Ким Юи-Кеом: «Өкмөтүбүз, АКШ жана Түндүк Кореянын байланыш жана кызматташтыгын улантып жатканда диалог ылдамдыгынын улантылышын камсыздоо үчүн колунан келгенин кылат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар