Сергей Лавров : "АКШ дүйнөнүн бөлүп - жарып жатат"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров көп уюлдуу жаңы бир дүйнө тартибин түзө баштагандыгын белгиледи.

1152825
Сергей Лавров : "АКШ дүйнөнүн бөлүп - жарып жатат"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров көп уюлдуу жаңы бир дүйнө тартибин түзө баштагандыгын белгилеп : «Эл аралык мыйзамдуу пайдубал бөлүнүп баратат, АКШ болсо бардык нерсени бөлүп – жарып жатат»,- деди.

Лавров жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Вьетнамда Valday эл аралык талкуу клубунун жыйынында глобалдык саясий абалдарга байланыштуу баа берди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан аймактарынын өкүлү болууда жетерсиз болгондугун баса белгилеген Лавров : «БУУнун Коопсуздук Кеңешине карата бир реформа тууралуу кеч калды себеби Азия, Африка жана Латын Америкада өнүккөн аймактардын өкүлү болууда жетерсиз болуп жатат»,- деди.

Европа Биримдигинин болсо аз санда глобалдык темада «кабыгына киргендигин» жактаган Лавров : «Көп уюлдуу жаңы бир дүйнө тартибинин пайда боло баштагандыгынан сөз кылып жатабыз. Эл аралык мыйзамдуу пайдубал бөлүнүп жатат. АКШ болсо бардык нерсени бөлүп жарууда. Евразиянын кээ бир аймактарында болгон абалдар да кабыгына кирүү деп карала алат. Биз болсо кенен бир процессти баштата турган кадамдарды таштагыбыз келет»,- деди.

Батыштык өлкөлөрдүн качкындар тууралуу керектүү кадамдарды таштабагандыгын айткан Лавров : «Ливияны бомбалап кара тешик абалына алып келген биз эмеспиз. Эми да өлкөдөгү террордук иштер тууралуу түндүккө карай качуулар бар. Ошондуктан биз жооптуулардын түздөн түз тема менен алектенүүсүн сунуш кылабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар