Индонезияда жаңы жер титирөө катталды

Жер титирөөнүн күчү 5,3 баллга жетти.

1151696
Индонезияда жаңы жер титирөө катталды

Индонезиянын Сулавеси аралындагы Горонтало провинциясында 5,3 баллдык жер титирөө болду.

Метеоролия, климат жана геофизика мекемеси, эпицентри ушул провинцияга караштуу Боалемо аймагынын 21 километр түштүк-батышы болгон жер титирөөнүн жердин 71 километр тереңдигинде катталгандыгын билдирди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар болуп же болбогону тууралуу азырынча маалымат берилген жок.

Индонезияда өткөн жылдын 28-сентябрында Сулавеси аралындагы Палу булуңунда болгон 7,5 баллдык жер титирөө жана андан кийинки цунамиден 4 миң 340 киши каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар