Венесуэла чек арасындагы кагылышууда 4 киши каза тапты

Колумбиянын Венесуэла чек арасында АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID)  жөнөткөн «гуманитардык жардамдардын» өлкөгө киргизилип жаткан убакта коопсуздук күчтөрү менен оппозициячылдардын ортосунда кагылышуу болду.

1151315
Венесуэла чек арасындагы кагылышууда 4 киши каза тапты
venezuela sinirinda catisma2.jpg
venezuela sinirinda catisma1.jpg

Венесуэлада «гуманитардык жардамдардын» өлкөгө жеткирилүүгө аракет кылынган учурунда кагылышуу болуп 4 киши каза тапканы маалымдалды.

Колумбиянын Венесуэла чек арасында АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID)  жөнөткөн «гуманитардык жардамдардын» Венесуэладагы өзүн убактылуу мамлекет башчы деп жарыялаган Хуан Гуайдого тапшырылышы үчүн өлкөгө киргизилип жаткан убакта коопсуздук күчтөрү менен оппозициячылдардын ортосунда кагылышуу болду.

Колумбия менен Венесуэланы кошкон кошкон эл аралык «Симон Боливар» көпүрөсүндө коопсуздук күчтөрү, жарылуучу зат жана таш ыргыткан митингчилерге көздөн жаш агызуучу газ чачты.

Чек арадагы берки көпүрө «Франциско де Паула Сантандерде» болсо жардам алып бараткан жүк машиналарынын өрттөнүшү талаштарга себеп болгон.

Өкмөткө жакын маалымат булактары жүк ташуучу унаалардын оппозициячылдар тарабынан чагымчылык максаты менен өрттөлгөнүн, оппозициячыл булактар болсо жүк тшуучу нларын Боливарчы улуттук гвардииияяя тарабынан жагылганын айтып чыккан.

Оппозициячылдарга жакын венесуэлалык жарандык коомдук уюм Форо Пеналь, чек ара пункттарындагы кагылышууларда 4 кишинин каза тапканын, 200дөн ашуун кишинин жаракат алганын жана 51 кишинин да камакка алынганын айтты.

Венесуэла өкмөтү тарабынан бул темада азырынча маалымат бериле элек.

Катуу кагылышуу башталган Бразилия чек арасынан көлөмү белгилене элек дары-дармек толтурулган гуманитардык жардам киргени белгиленди.

Венесуэлага Порто-Рикодон барышы күтүлгөн 200 ьонналык гуманиттардык жардам ташыган кеменин болсо, эл аралык сууларда Венесуэланын флотунан коркуп токтогону айтылууда.

Колумбия булактары учурда ар түрдүү даражадагы Венесуэла коопсуздук күчтөрүнө таандык 60тан ашуун аскердин Колумбияга баш калкалаганын алдыга койду.

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро, Колумбия менен ар түрдүү саясий жана дипломатиялык карым-катнаштардын токтолушуна чечсим чыгарганын жарыялап, колумбиялык дипломаттардын 24 сааттын ичинде Венесуэладан чыгып кетишин талап кылган.


Этикеткалар: #Венесуэла , #кагылышуу

Тектеш кабарлар