Мадуро Венесуэланын коңшу өлкөлөр менен болгон чек арасын жабууда

Бул чечимдин себеби катары «элди коргоону» көрсөткөн Мадуро, Колумбия менен чек арасынын толугу менен жабылуу пикиринин да көз жаздымда калтырылбаганын белгилеп өттү.

1150608
Мадуро Венесуэланын коңшу өлкөлөр менен болгон чек арасын жабууда

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро, кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00да өлкөсүнүн Бразилия чек арасынын жаңы маалымат берилгенге дейре жабык боло турганын айтты.

Бул чечимдин себеби катары «элди коргоону» көрсөткөн Мадуро, Колумбия менен чек арасынын толугу менен жабылуу пикиринин да көз жаздымда калтырылбаганын белгилеп өттү.

Коңшу өлкөлөр менен чек аралардын жабылуусун пайдаланууну уланта тургандарын айткан Мадуро, Колумбия армиясына болсо Венесуэлага каршы провокацияга кирбөө боюнча эскертти.

Мадуро, оппозициянын «гуманитардык жардамдардын» кирүү тарыхы катары жарыялаган 23-февралда зомбулук окуялары болушунан Колумбиянын президенти Иван Дукени жооптуу көрө турганын билдирди.

Колумбиядан кийин Бразилия дагы Венесуэла чек арасына «гуманитардык жардам» жөнөтө турганын жарыялаган.

Каракас, «жардам» таркатуу борбору катары колдонула турганы жарыяланган Нидерландиянын көзөмөлүндөгү Кюрасао аралы менен деңизден жана абадан байланышын токтоткон.

Мадуро, «жардам» талаштарынын «АКШнын басып алуу стратегияларынын бир бөлүгү» болгонун жана «бул шоуго уруксат бербей тургандарын» айтууда.

Оппозиция болсо 300 миң кишинин шашылыш жардамга муктаждыгы болгонун, 2 миллион кишинин да ден-соолугу орчундуу абалда экенин жактап, өлкөгө жардам алып келиши керектигин айтып чыгууда.

Оппозициячылдар «гуманитардык жардам» алып келиш үчүн Колумбия чек арасын көздөй бара жатканда,  «гуманитардык» эмес эле саясий кадам катары көрүнгөн демилгеге Кызылай, Кызыл крест жана Бириккен Улуттар Уюму колдоо көрсөткөн жок.



Тектеш кабарлар