Израиль полициясынын Чыгыш Кудстагы зомбулугу уланууда

Кудстагы Туткун үй-бүлөлөрү комитетинин жазуу түрүндөгү жарыясында, Израиль полициясы басып алуусу астындагы Чыгыш Кудста ондогон палестиналыкты кармап кеткени маалымдалган.

1150667
Израиль полициясынын Чыгыш Кудстагы зомбулугу уланууда

Израиль полициясы басып алуусу астындагы Чыгыш Кудста ондогон палестиналыкты кармап кетти.

Кудстагы Туткун үй-бүлөлөрү комитетинин жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин Акса мечитиндеги Рахмет каалгасына түшкөн тепкичтердин башындагы каалгага чынжыр салып коюшунун себебинен жума намазынан кийин күтүлгөн митингдердин алдында Израиль полициясынын басып алуусу астындагы Чыгыш Кудста 40тан ашуун палестиналыкты кармап кетени белгиленди.

Акса мечитиндеги акыркы чыңалуу, Израиль күчтөрүнүн жекшемби күнү 2003-жылдан бери кирип-чыгууларына жабык кармалган Чыгыш чептердеги Рахмет каалгасына түшкөн тепкичтерге чынжыр салып коюшу менен башталган.

Бул боюнча дүйшөмби күнү  Акса мечитинде чогулган бир топ палестиналык жаштар, аты аталган каалганы сындырган жана Израиль полициясы жаштардан айрымдарын кармап алып, Хареми Шерифтин каалгаларын бир топко жапкан.

Израиль полициясы шейшемби күнү кечинде Рахмет каалгасында нөөмөттө турган палестиналык жамаатка кол салып, чыккан окуяларда көп сандаган киши жаракат алган, айрымдары да камакка алынган.

Басып алуу астындагы Чыгыш Кудста орун алган Акса мечити, мусулмандардын алгачкы кыбыласы болгон.



Тектеш кабарлар