Англиянын Европа Биримдигинен түшүнүксүз чыгуу ыктымалдуулугу олуттуу жана чыныгы коркунуч

Англиянын башкы оппозициядагы Жумушчу партиясынын лидери Жереми Корбин,Брюсселде ЕБнин Брексит боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Мишель Барнер жана айрым жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүүсүнөн кийин медиага маалымат берди.

1150314
Англиянын Европа Биримдигинен түшүнүксүз чыгуу ыктымалдуулугу олуттуу жана чыныгы коркунуч

Англиянын башкы оппозициядагы Жумушчу партиясынын лидери Жереми Корбин, өлкөсүнүн Европа Биримдигинен түшүнүксүз чыгуу ыктымалдуулугунун олуттуу жана чыныгы коркунуч болгонун белгилеп өттү.

Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде ЕБнин Брексит боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Мишель Барнер жана айрым жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүүсүнөн кийин медиага маалымат берген Корбин, жолугушууларынын жемиштүү өткөнүн айтты.

Корбин, жолугушууларында Жумушчу партиясынын Англиянын ЕБнен бөлүнгөндөн кийин Бажы биримдигинде калуусун жактаган мамилесин билдиргенин маалымдады.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин «катуу» сүйлөшүү мамилесин сынга алган Корбин: «Англиянын Европа Биримдигинен түшүнүксүз чыгуу ыктымалдуулугу олуттуу жана чыныгы коркунуч»,-деди.

Мэйдин партиясынын ичиндеги «катуу Брекситчилерден» таасир алганын жана сүйлөшүү ыкмасын өзгөртүшү керектигин айткан Корбин, андай болбосо «түшүнүксүз Брексит кошо ала келген хаостун» жогорку ыктымалдуулук катары келип чыга турганынын серебин салды.

Тереза Мэй мурдагы күнү Брюсселде, ЕБ Комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер менен бөлүнүү келишиминдеги алдын алуу беренесин сүйлөшкөн.



Тектеш кабарлар