Сириянын конституциясын жаза турган комитетти түзүү процесси акырына келди

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров Орусиянын борбор шаары Москвадагы бир конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Сирия маселесин карап чыкты.

1149295
Сириянын конституциясын жаза турган  комитетти түзүү процесси акырына келди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириядагы бардык саясий күчтөрдүн катышуусу менен Сириянын жаңы конституциясын  жаза турган комитеттин түзүлүшү тууралуу процесстин акырына келингендигин айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров Орусиянын борбор шаары Москвадагы бир конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Сирия маселесин карап чыкты.

Лавров Сирия улуттук диалог конгрессинин өткөн айда Сочиде өткөрүлгөндүгүн эске салып : «Бул конгрессте саясий бир процесстин башталышы үчүн бардык шарттар түзүлдү. Ушуга караганда Сириядагы бардык саясий күчтөрдүн катышуусу менен Сириянын жаңы конституциясын жаза турган комитеттин түзүлүшү тууралуу процесстин акырына келинди»,- деди.

Комитеттин түзүлүшү үчүн чечим 2018 -  жылдын 30 -  январында да Сочиде өткөрүлгөн Улуттук диалог конгрессинде чыгарылган.

Конгрессте өлкөнүн жаңы конституциясын жаза турган 150 кишиден турушу, 50дөн кишинин режим жана оппозициячылдар тарабынан белгилениши, акыркы 50 кишилик тизменин болсо сириялык жарандык коомдун өкүлдөрүнөн тандалышына чечим чыгарылган.

Режим жана оппозициянын Түркия, Орусия жана Иран менен кеңешүү менен 50дөн киши кыска убакыттын ичинде белгиленди. Бирок акыркы тизме Башар Асад режиминин тоскоолудуна учураган.



Тектеш кабарлар