Сауд Арабиянын мураскер принци Индияда

Мухаммед бин Селман эки күнгө созула турган Индия сапарынын эки өлкөнүн ортосунда кылымдардан бери келе жаткан карым  - катнаштарды өнүктүрөрүн айтты.

1149207
Сауд Арабиянын мураскер принци Индияда

 Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман эки күнгө созула турган Индия сапарынын эки өлкөнүн ортосунда кылымдардан бери келе жаткан карым  - катнаштарды өнүктүрөрүн айтты.

Пакистандан кийин Индияга барган Мухаммед бин Селман Делиде Индиянын мамлекет башчысы Рам Нат Ковинд тарабынан расмий азем менен тосулуп алынды.

Сауд Арабиянын мураскер принци президенттик сарайда берген кыскача маалыматында : «Бүгүн бул карым  - катнаштын эки өлкөнүн жакшылыгына жана улантылышына, өнүктүрүлүшүнө ишенгибиз келет. Мамлекет башчысы жана премьер  - министрдин лидерлиги менен Сауд Арабия жана Индия үчүн жакшы нерселерди жарата алабыз»,- деди.

Мухамед бин Селмандын жолугушууларында премьер  - министр Наренда Моди менен жолугушуусу жана эки өлкөнүн ортосунда түрдүү тармактарда келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Моди твиттер эсебинен : «Индия Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Селманды тосуп алуудан кубанычтуу»,- деди. Сауд Арабия менен Индиянын ортосунда өткөн жылы 27, 5 миллиард долларлык соода жасалды.



Тектеш кабарлар