Канадада сириялык 7 бала чыккан өрттө каза болду

Өрттө балдарын куткарууга аракет кылган ата  - эненин да жаралангандыгы жана дарылануу үчүн ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалды.

1149178
Канадада сириялык 7 бала чыккан өрттө каза болду

Канаданын  Жаңы Шотландия аймагынын борбор шаары Галифакста бир үйдө чыккан өрттө сириялык бир үй  - бүлөнүн 7 баласы каза болду. Галифакс полициясынан берилген маалыматта шаардын Спрайфилд аймагындагы Кварц-Драйвдагы үйдө таңга жуук өрттүн чыккандыгы жана өрттө эң кичүүсү 3 айлык болгон 7 баланын каза болгондугу билдирилди.

Өрттө балдарын куткарууга аракет кылган ата  - эненин да жаралангандыгы жана дарылануу үчүн ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалды.

Сириялык үй  - бүлөнүн 2 жылдай мурда  Канадага жайгашкандары белгиленди. Галифакс мэри Майк Саваге берген маалыматында : «Биздин да жүрөгүбүз жараланды. Дуаларыбыз үй  - бүлө жана сүйгөндөрү менен»,- деди. Өрттүн чыгуу себеби иликтенүүдө.

 



Тектеш кабарлар